Атактуу футболчу Палестинаны колдогондон кийин "Алтын тобунан" ажыратуу маселеси көтөрүлдү

Франциялык чабуулчу Карим Бензема Палестинаны колдоп чыккандан кийин Францияда аны жарандыктан жана "Алтын тобунан" ажыратуу маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы чабуулчу Израилдин кол салуусун айыптап, Палестинаны жана Газа тилкесинин тургундарын колдоого алган. Кийинчерээк Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманен Бенземаны террордук уюм менен байланышы бар деп айыптаса, Франциянын депутаты Валери Бойер футболчуну жарандыктан ажыратууну сунуштаган.

"Министрдин сөзү тастыкталса, Карим Бенземага каршы санкцияларды карашыбыз керек. Символикалык санкция "Алтын топтон" ажыратуу болуп саналат. Мындан тышкары, биз аны жарандыктан ажыратуу боюнча арыз беришибиз керек”, - деген депутат.

Белгилей кетсек, Карим Бензема "Алтын топту" былтыр, 2022-жылы алган. Андан кийин чабуулчу "Реал Мадрид" клубунан Сауд Арабиянын "Аль-Иттихад" клубуна өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан