ЭЛДИК КАБАР: Тургун: "Канализация жарылып, саркынды суу жайыттарга жайылып жатат"

Сокулук районунун Шопоков шаарындагы борбордук канализациясы 2022-жылдын декабрь айында тешилип калган, ошондон бери оңдоло элек. Бул тууралуу порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө аталган шаардын тургуну кайрылды.

Анын айтымында, бир жылдан бери өкмөткө кайрылып келе жатышат. Бирок эч кандай майнап чыкпай жатат.

"Канализация былтыр 2022-жылы 30-декабрда тешилип калган. Ошондон бери күн сайын өкмөткө кайрылабыз "эртең эле эртең" дей берип бир жылдын жүзү болуп калды. Бул канализациядан чыккан саркынды суу чоң адамды жөн эле көмөт. Кичинекей балдар түшүп кетпесин деп жыгачтарды коюп койгонбуз. Саркынды суу сугат суу менен биригип жайыттарга кетет. Ал жерден малдарыбыз суу ичишет. Ушуну бийликке жеткирип, чечип берсеңиздер жакшы болмок", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

ЭЛДИК КАБАР: Тургун: "Канализация тешилип, жайыттарга кетип жатат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан