Швециянын "Норркопинг" клубуна ижарага алынган "Миландын" чабуулчусу Эмиль Робак дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Туугандары жана клуб өкүлдөрү аны 14 күндөн бери издеп жатышат. Ал машыгууга келбестен дайынсыз жоголгон.
Учурда аны издөө иштери уланууда.
"Милан" менен "Норркопинг" клубунун кредиттик келишими ноябрь айынын башында бүтөт, андан кийин 20 жаштагы оюнчу италиялык командага кайтып келүүгө милдеттүү.
Быйылкы сезондо ал Швециянын чемпионатында үч беттеш өткөргөн.