Биз социалдык тармакта

Бишкекте 17 жаштагы Карина дайынсыз жоголду

Бишкектин четиндеги Новопокровка айылында Карина Хорунжий дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 22-сентябрь күнү Карина Хорунжий Новопакровкадагы Набережная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Учурда анын кайда жүргөндүгү белгисиз.

Белгилери: бою 172 сантиметр, арык денелүү, бети сүйрү, мурду чоң, көздөрү күрөң, кашы калың, бетинде бир аз сепкили бар.

Кийген кийимдери: кара түстөгү куртка, кара свитер, артында чөнтөгү бар күрөң лосина, бутунда кара кроссовка.

Урматтуу жарандар! 2006-жылы туулган Хорунжий Карина Алексеевнанын жүргөн жери тууралуу маалыматыңыздар болсо 0312 61 69 07 (нөөмөт бөлүмү), издөө тобу 0708-45-78-46, 0505-768-876 телефондору аркылуу кабарласаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан