"Коттедждер, эс алуу борборлор..". УКМК Камчы Көлбаевдин дагы жаңы мүлктөрүн аныктады (фото)

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)" фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

УКМКнын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кыймылсыз мүлк объекттери аныкталган. Алар:
1. «Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;
2. Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;
3. «Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;
4. «Бурана Резорт» эс алуу борбору.

"Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда", - деп билдирди УКМК.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан