Израилде УЕФАнын көзөмөлүндөгү бардык оюндар белгисиз мөөнөткө токтотулду. Чечим уюмдун кийинки билдирүүсүнө чейин күчүндө болот.
"Бүткүл Израилдеги коопсуздуктун учурдагы абалын кылдат баалагандан кийин, УЕФАнын Аткаруу комитети УЕФАнын турнирлериндеги оюндар кийинки эскертүүгө чейин Израилде өткөрүлбөйт деп чечти. Израилдин Футбол Ассоциациясы өз үйүндөгү оюндары үчүн өлкөнүн чегинен тышкары альтернативдик аянтчаларды табууну суранышты", - деп жазылды уюмдун расмий сайтында.
Буга чейин УЕФА Израиль курама командасынын 2024-жылкы Европа чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагындагы Швейцария жана Косово командаларына каршы беттештерин жылдырган болчу.