Берлинде палестиналыктарды колдогон жаңы митингде 60тан ашуун полиция кызматкери жаракат алды. Тополоңдун натыйжасында 174 адам камакка алынып, алардын 65ине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Euronews жазды.
Митинг алгач Берлиндин Нойкёльн районунда башталган. Полиция чогулган элди тарап кетүүнү сурангандан кийин укук коргоо кызматкерлерине таш жана фейерверк ыргытылып, жооп иретинде суу аткычтар колдонулган.
Өз кезегинде Германиянын канцлери Олаф Шольц бийликти мындай демонстрацияларды болтурбоого чакырды.
Газанын жашоочулары менен тилектештик акциясы Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда да өттү. Демонстранттардын бири: "Биз Эл аралык кылмыш сотуна Газа элин колдой турганыбызды, Нетаньяхунун бир күнү бул сотко келишин жана бул жерде жазаланышын каалай турганыбызды ачык айткыбыз келди" деди.
Ал арада Афинада полиция эки карама-каршы демонстрациянын кагылышуусуна бөгөт коюуга жетишти. Полиция аларга көздөн жаш агызуучу газ колдонду.