Салык кызматынын сайтына хакердик чабуул жасалды

Мамлекеттик салык кызматынын сайтына хакердик чабуул жасалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, маалыматтык тутумдар иштеп жатат жана тынчсыздануунун кереги жок.

"Сайтка кирүү бир канча убакытка жеткиликсиз болуп калды. Кол салуу аракети аныкталары менен МСКнын адистери маалымат ресурсуна кирүүнү чектешти. Белгилей кетүүчү нерсе, сайт www.sti.gov.kg жаңылыктарды жана маалымдама мүнөздөгү материалдарды жарыялоого гана арналган. Бардык маалыматтык тутумдар, анын ичинде «салык төлөөчүнүн кабинети» штаттык режимде иштеп жаткандыгын баса белгилөө маанилүү. Ошондуктан салык төлөөчүлөр тынчсызданууга эч кандай негиз жок деп ишенсек болот", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан