Ысык-Көлдө пара менен кармалган шектүүнүн унаасы менен үйүнөн 16 ок атуучу курал табылды

Ысык-Көлдө опузалап пара талап кылгандыгы үчүн биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн аңчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз РИИБине райондун аймагында кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, жергиликтүү тургундардан акчалай сыйлык же баалуу белектерди опузалап жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүүнүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

"Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери опузалап пара талап кылып жаткан жарандын өздүгүн аныкташкан. Ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Ысык-Көл башкармалыгынын биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн аңчысы болуп иштеген Ак-Суу районунун 58 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери шектүү жаран ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо фактысын жашырыш үчүн Жети-Өгүз районунун 76 жаштагы тургунунан 10 миң сом талап кылып жаткандыгын аныкташкан. Шектүү ал каражатты алып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле жеринде анын автоунаасы текшерилгенде, ар кандай калибрдеги жана ок-дарылары бар 6 даана ок атуучу курал, травматикалык тапанча табылып алынган.

Андан тышкары кармалган жарандын иш бөлмөсүндө жана жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, ок-дарылары менен 10 даана ок атуучу курал табылып алынган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан