Кара-Балтада тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүдө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жыйын өттү 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Чүйдүн Кара-Балта шаарында тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүдө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун көчмө жыйыны болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкө башчы Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин алдына тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү, кен байлыктарды чалгындоо, аларды казып алууда заманбап технологияларды колдонуу боюнча бир катар тапшырмаларды койгон.

"Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында, жыйында тармактагы көйгөлөр, аларды чечүүнүн жолдору, тоо-кен өндүрүш ишканаларынын ишин жакшыртууга арналган бир катар маселелер каралды. Ошондой эле кен казуу чөйрөсүндөгү иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык пландар менен долбоорлор талкууланды.

Жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргызстанда казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руда менен концентратты кайра иштеткен “Кара-Балта тоо-кен комбинаты” ачык акционердик коомунун өндүрүш обьектилериндеги жумуштун жүрүшү менен дагы таанышып чыгышты", - деп айтылат маалыматта.

Көчмө жыйындын соңунда өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеген кен казуу тармагы менен тоо-кен өнөр жайына колдоо көрсөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан