Ошто Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан ЖАКтын жабык мекемелеринин аймагына камакка алынган адамдар үчүн баңги каражаттарды өткөрүп берүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда аталган мекемеден билдиришти.
Мааламытка ылайык, Оштогу №5 ТИЗОго азык-түлүк жеткирип келген Р. М.М. аттуу жаран текшерүүгө алынып, тамак-аш азыктарынын арасынан өзгөчө жыты бар белгисиз кызгылт сары скотч менен оролгон таңгак табылды. Табылган заттын жалпы салмагы (болжолдуу гашиш) болжол менен 1 килограммды түздү.
"Кармалган Ош шаарынын тургуну Р.М.М. жеке такси иши менен алектенерин жана аны Ош шаарынын №5 ТИЗОго азык-түлүк жеткирүү үчүн белгисиз адамдар жалдаганын түшүндүрдү.
Чогултулган материалдар мындан ары биргеликте иликтөө жана текшерүү үчүн Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМК Башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.