Бүгүн СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, таланттуу актриса Бакен Кыдыкееванын туулган күнү. Эгерде анын көзү тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Улуу инсандын туулган күнүн утурлай SUPER.KG порталы ал тууралуу кызыктуу маалыматтарды бир макалага топтоого аракет кылды.
Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусундагы Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Чыгармачылык жолун 1936-жылы Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Анда ал болгону 13 жашта болгон. Актрисанын алгачкы эмгеги Лопе де Веганын "Койлуу булак" драмасында Лауренсиянын ролун аткарган.
Кыдыкееванын атасы анын туруктуу күйөрманы болгон. Өмүрүнүн аягына чейин ар бир жаңы спектаклине гүл көтөрүп барууну адат кылып алганы айтылат. Бирок дайыма мындай болгон эмес. Анткени башында атасы анын тандоосуна каршы чыккан. Бирок кызынын таланты тууралуу гезит бетинен окуп, ага чыгармачылык менен алектенүүгө макулдук берген.
Ал адепки жылдары Пржевальсктагы (аз. Каракол ш.) облустук драма театрында, Тянь-Шань (аз. Нарын) музыкалык драма театрында иштеген.
1944-жылдын аягында Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулуп келген. Ал ар кыл пландагы образдардын ички терендигине актёрдук талдоо жүргүзүп, оң, терс, комедиялык, трагедиялык ролдорду бирдей аткарган кенири диапазондуу артист болгон.
Анын ысымы менен кыргыздын улуттук маданиятынын көптөгөн тарыхый башталыштары, окуялары тыгыз байланышып турат. Кыргыздын улуттук алгачкы толук метраждуу көркөм киносу да Кыдыкеева менен байланышкан.
Актрисанын кинодогу ишмердиги кыргыздын биринчи көркөм фильми "Салтанат" менен байланыштуу болгон. Кийин ал көптөгөн фильмдерде ойногон. "Саманчынын жолу", "Биринчи мугалим", "Көчө", "Көздүн кареги", "Революциянын атчандары", "Караш-караш окуясы", "Тайгак кечүү", "Жоргонун жүрүшү", "Ашуу", "Токтогул", "Каныбек", "Аманатта" роль жараткан.
Кинодогу мыкты ролдору үчүн дипломдор менен сыйланган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. Режиссёр катары А.Осмоновдун "Махабатын" койгон. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Ошол эле учурда актриса ата мекендик искусствонун өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Кезегинде далай жаш таланттарга жол көрсөтүп, алардан жардамын аяган эмес. Алсак, Мираида Далбаева, Таттыбүбү Турсунбаева жана Жамал Сейдакматова өңдүү бир топ чыгармачыл инсандарды тарбиялаган.
Быйыл актрисанын 100 жылдыгы белгиленип жатат. Ага карата ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023- жылды жалпы түрк дүйнөсүндө "Бакен Кыдыкеева жылы" деп жарыялаган.
Тиешелүү иш-чаралар түрк тилдүү мамлекеттердин баарында өтүп жатат.