Бишкекте мушташка катышкан чет өлкөнүн тогуз жараны кармалды

Бишкекте чет элдик жарандар мушташып, тогуз киши милицияга түштү. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-октябрга караган түнү саат 01:10 чамасында калаанын Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда чет элдик жарандар ызы-чуу салып, тургундардын тынчын алып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери тарабынан факты тастыкталып, чет мамлекеттин тогуз жараны тергөө кызматына жеткирилген. Алардын улуусу 49да, кичүүсү 22де.

Аталган факты боюнча Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, Свердлов райондук сотуна жөнөтүлгөн.

"Жыйынтыгында сот тарабынан алардын алтооно Бишкек ШИИББинин атайын убактылуу кармоочу жайына үч суткага камакка алуу чечими чыгарылып, экөөсүнө 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле териштирүү учурунда эки жаран борбордогу жогорку окуу жайлардын студенттери экендиги аныкталган. Буга байланыштуу окуу жайга аларды окуудан чыгаруу өтүнүчү менен кат жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан