Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда “Хизбут-Тахрир аль Ислами” диний-экстремисттик уюмунун төрт активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Кабарлангандай, 19-октябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмүндө ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун Базар-Коргондогу ячейкаларынын активдүү мүчөлөрү К.М., И.М., Н.М. жана Х.Я. кармалды.
Кармалгандар “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун активдүү мүчөлөрү экени жана экстремисттик идеологияны жарыялоо жана жайылтуу, ошондой эле алардын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды.
Аталган адамдардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУга тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар жана баракчалар табылып, алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.
Шектүүлөр УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.