Бишкекте журналистти сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Журналисттин катышуусундагы жол кырсыкта окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 18-октябрда болжол менен саат 17:30дар чамасында Next TV телеканалынын журналисти Сайпидин Султанов мотоскутер менен Садырбаев көчөсүндө бара жаткан учурда капталынан белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен сүзүп кеткен. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылган.



Бул факты боюнча ЖККББ Бишкек шаардык кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзгөн.

Анын натыйжада кылмышка шектүү катары Toyota Camry үлгүсүндөгү авто унаанын 2004-жылы туулган Н.Э. аттуу айдоочусу кармалган. Ал азыркы учурда Бишкек милициясынын тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан