Бишкекте алдамчылыкка шектелип 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-октябрда милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Анда ал ушул жылдын 15-августунда М.Б. аттуу кыз андан 75,5 миң сом алып, "эки эсе көбөйтүп берем" деп алдап кеткенин билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы М.Б. аттуу кыз киши кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0701 93 00 90 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.