Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарынын Касым Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан орус драма театрынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Маалымдалгандай, андагы адамдар имараттан чыгарылды. Өрттүн келип чыгышына костюмдар бөлмөсү жайгашкан жетинчи кабаттагы электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болушу мүмкүн.