Ишембиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 21-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23 даража;

Талас дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22 градус;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25ке чейин жетет.

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз +15…+20.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан