"Жер тилкесин мыйзамсыз беришкен". Бишкекте экс-чиновниктер кармалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын мурдагы директору Б.Б. менен анын орун басары К.М. Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын айланасындагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, алдын ала жүргүзүлгөн иликтөөдө «Көк-Жар» эксперименталдык базасынын карамагында турган Ботаникалык бактын түштүк тарабындагы 24 сотых жер мыйзамсыз менчикке берилгени аныкталган.

Анда аталган жер тилкелери Э.Гареев атындагы ботаникалык бактын жалпы тосмосунун ичинде жайгашкандыгына карабастан Бишкек шаарынын мэриясынын жасалма токтомун чыгаруу жолу менен мыйзамсыз укук белгилөөчү документтер берилген.

Жер тилкелери Ботаникалык бактын жалпы тосмосунун ичинде экенине карабай, Бишкек мэриясынын жасалма токтому чыгарылып, мыйзамсыз түрдө жерге ээлик кылуучу документтер жасалып берилген. Мындан мамлекеттин казынасы 31 млн сомдон ашуун зыян тартканы такталган.

Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары «Кадастрдын» Бишкек бөлүмүнүн мурдагы директору Болотбек Берикбаев менен анын орун басары болгон Мелис Кадырмамбетов кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка катышы бар башка да адамдарды аныктоо, шектүүлөрдү тергөө, ошондой эле мыйзамсыз алынган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан