Өзбекстанда аялы үчүн үч баласын өлтүргөн атага сот өкүмү чыкты

Коңшу Өзбекстандын Самарканд шаарында аялы менен уруша кетип үч баласын өлтүргөн жаранга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлады.

Эскерте кетсек, окуя ушул жылдын 16-июнунда болгон. Ошол каргашалуу күнү айыпталуучу Израилде иштеген аялы менен телефон аркылуу урушуп кеткен. Ал аялынан өч алууну чечип, ашкана бычагы менен эки кыз, бир баласын сайып өлтүргөн. Балдар 13, 12 жана 10 жашта болгон. Андан кийин ал өзүнүн жанын дагы кыйууга аракет кылып, өзүнүн көкүрөгүнө өзү бычак сайган.

Сот тарабынан аныкталгандай, коркунучтуу кылмышты жасаган учурда жаран эч кандай баңгизатын колдонгон эмес. Ал сотто Израилде иштеп жүргөн аялы аны менен мындан ары болгусу келбей калганын жана анын башка сүйгөнү бар экенин айтканын билдирген.

Жыйынтыгында ал Өзбекстандын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (Атайылап киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан