Ошто алгачкы жолу стол тенниси боюнча чемпиондук өтүп жатат

Бүгүн, 20-октябрда Ош шаарында эркектер жана аялдар арасында стол тенниси боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугуна старт берилди. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Мелдештин ачылышына Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар, күйөрмандар катышты.
20-21-октябрда өтө турган чемпиондукка өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 100дөн ашык курама командалары катышып, күч сынашат.
Жеңүүчү деп аталган командалар дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышат.
Стол тенниси боюнча республикалык чемпионат Ош шаарында алгачкы жолу өтүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан