Бишкекте велосезондун жабылышы өтөт

Борбор калаада велосезондун жабылышы болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Ага ылайык, 29-октябрда саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы сейил багында веложүрүш старт алат. Веложүрүшкө каттоо саат 09:00дөн 09:45ке чейин жүргүзүлөт. Веложүрүштүн катышуучулары ошол эле жерде марага чыгышат.
Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти, ошондой эле «Вело friends позитив kg» коомдук бирикмеси уюштурууда.
Белгилей кетсек, жол жүрүү маршруту төмөндөгү схема боюнча жабылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан