Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Израилге кайрылып, Газадагы балдардын, аялдардын жана жарандардын массалык түрдө жок кылынышы менен коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүн эместигин айтты.
Эрдоган Газага кол салууларды кеңейтүүнүн дагы азап, өлүм жана көз жаштан башка эч нерсе алып келбей турганын баса белгиледи.
"Балдарды, аялдарды жана жарандарды өлтүрүү, ооруканаларды, мектептерди, мечиттерди жана чиркөөлөрдү жардыруу менен коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүн эмес экени айкын.
Израиль администрациясы катачылыктан баш тартып, мамлекеттик ишмердүүлүктүн ордуна, региондон тышкаркы провокациялаган уюм катары иш алып барууда. Биздин аймакты батыш өлкөлөрү үндөгөн жана Батыш тарабынан мыйзамдаштырылган бул жиндиликтен мүмкүн болушунча тезирээк куткаруу керек.
Мен бардык мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды Газада ок атышпоону мүмкүн болушунча тез арада орнотуу демилгесин чын жүрөктөн колдоого чакырам. Израиль өкмөтүн карапайым элге кол салуулардын масштабын кеңейтпөөгө жана анын аракеттерин токтоосуз токтотууга чакырыгымды кайталайм", - деди түрк президенти.
Бул арада Израилдин Палестинага 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салууларынан кеминде 4137 киши, анын ичинде 1524 бала жана 1000 аял каза болду. 13 миңге жакын тургун жабыркап, 1000ден ашуун адам кыйраган үйлөрдүн жана объекттердин урандыларынын астында калган. Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Израилдин аткылоосунан улам Газадагы жети оорукана толугу менен ишин токтотту.