Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын жамааты Нарынга барды

Ушул күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачылык жамааттары Нарын шаарында гастролдоп жүргөн учуру.
Чоң программадагы концерт президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында, залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.
Улуттук филармониянын жамааты өлкөдөгү башка дагы аймагында болуп, жыйынтыктоочу гастроль Нарын жергесинде М. Рыскулов атындагы акадеимялык музыкалуу драма театрында өтмөкчү.
Концерттин биринчи күнү ийгиликтүү өттү.
Концерттик программага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө филармониянын бир катар көрүнүктүү өнөрпоздоруна сыйлыктар тапшырылып, жогорку деңгээлдеги концерттик программа тартууланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан