Португалияда футболчу атайылап гол киргизбей, калыстын ак кагазын алды, бул футбол тарыхында экинчи жолу көрсөтүлгөн ак айып кагазы. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Эпизод Португалиянын бешинчи дивизионундагы беттештин 55-мүнөтүндө болгон. Анда коргоочусу Уэсли Силва ылдам каршы чабуул учурунда жаракат алган. Ал учурда дарбазачы менен бирме-бир чыккан чабуулчу топту атайын эле оюн сызыгынан сырткары тепкен.
Бул үчүн беттештин калысы ага ак айып кагазын көрсөттү, бул футбол тарыхында көрсөтүлүп жаткан экинчи ак айып кагазы.
Белгилей кетсек, биринчи ак айып кагазы ушул эле Португалияда көрсөтүлгөн. Анда кыз-келиндер арасындагы чемпиондук үчүн "Спортинг" менен "Бенфика" беттешинде трибунадагы күйөрманды куткарып калганы үчүн калыс медициналык топко ак айып кагазын көрсөткөн.
Ак айып кагазы командалардын жана оюнчулардыноюн учурундагы таза оюнун, ошондой эле спорттук чеберчилигин таанууну көрсөтөт.