UFC: Ислам Махачев Александр Волкановскини нокаут кулатты (видео)

Абу-Дабиде өткөн "UFC 294" турниринде орусиялык мушкер Ислам Махачев австралиялык Александр Волкановскиди жеңип, чемпиондук титулун экинчи ирет коргоду.

Беш раундга белгиленген беттеш биринчи бөлүкт эле техникалык нокаут менен 31 жаштагы Махачевдин жеңиши менен аяктады.

Бул эки мушкердин экинчи беттеши. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында алар Австралияда өткөн "UFC 284" турниринде дагы беттешип, анда дагы дагестандык мушкер жеңишке жеткен.

Беттештен кийин Ислам Махачев атаандаш тандабай тургандыгын айтып, уюмдун президенти Дана Уайтка ага атаандаш табуусу керектигин айтты.

Махачев Волкановскиди нокаутка учуратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан