"Дөңгөлөк өрттөп". Таластагы жол тейлөө ишканасына ири өлчөмдө айып салынды

Талас шаарында жаратылышты коргоо нормаларын бузгандыгы үчүн 80 миң 928 сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас шаарындагы №19 жол тейлөө ишканасына абаны булгагандыгы жана дөңгөлөктөрдү уруксатсыз өрттөгөндүгү үчүн Укук бузуулар кодексинин 230-беренесине ылайык 28 миң сом айып салынган.
Ошондой эле №6 жол тейлөө ишканасына эксковатор менен тоо бетиндеги топуракты мыйзамсыз казып, коомдук транспорт менен алып чыккандыгы үчүн 13 миң сом айып салынган.
Талас шаарынын тургуну Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аймагында өскөн 5 гектар теректи мыйзамсыз кыйып салган. Натыйжада Бакай-Ата РИИБ тарабынан анын үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүп, 39 миң 928 сом зыян төлөнүп берилген. Айып пулдун жалпы суммасы 80 928 сомду түздү.
"Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын бузулушуна күбө болгон жарандар, министрликтин 108 ишеним телефонуна кайрылууну өтүнөбүз. Рейддик иш-чаралар республика боюнча улантылат", - деп билдиришти министрликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан