"Мага курал бериңиз". Хамзат Чимаев Рамзан Кадыровго Палестина үчүн согушууга даяр экенин айтты

UFC уюмунун орто салмактагы жеңилбес мушкери Хамзат Чимаев Абу-Дабиде өткөн "UFC 294" турниринде Камару Усманды жеңгенден кийин Израиль менен болгон жаңжалда Палестинаны колдоду.

Эскерте кетсек, Чимаев менен Усмандын беттеши кечээ, 21-октябрда өтүп, үч раунддун жыйынтыгы менен беттеш чеченстандык мушкердин жеңиши менен аяктаган.

"Улуттук лидерибиз (ред. Рамзан Кадыров), Жараткан сизден ыраазы болсун! Сиздин колдооңуз менен октагондо согушуу мен үчүн көйгөй эмес. Эгер уруксат берсеңиз мен ал жакка (Палестинага) биринчи барам деп ант берем. Мага курал бергиле, Палестина үчүн согушам", - деди Чимаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан