Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала алынып келинди

Бүгүн, 22-октябрда Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жараны болгон 21 аял жана 62 бала жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алар Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде калган Кыргызстандын жарандары. Алар мекенине кайтаруу боюнча "Айкөл-3" атайын операциясынын алкагында алынып келинген.

Миссиянын алкагында кыргыз делегациясы Сириянын түндүк-чыгышындагы калктын муктаждыктары үчүн дары-дармек менен гуманитардык жардам көрсөттү.

Кыргыз тарап бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн көрсөтүлгөн ар тараптуу жардам жана логистикалык колдоо үчүн АКШ өкмөтүнө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uri24
2023-10-22 21:48:00
Кыздардын бети башын хиджабка оронуп чумконуусу жакшылык алып келбейт
0
mira28
2023-10-23 03:34:00
Бети башын чечип анан киргизгиле Кыргызстанга .Бейиш Сирияда деп кетишкен бул динбаштар .Билимди мектепте китеп аркылуу алыш керек.Баш аягы жок даават угуп эле билимдуумун деп куйдурдуго арабкулдары .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан