Бишкектин чок ортосунда коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүү башталды (фото)

Бишкектеги Байтик Баатыр- Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспорт үчүн атайын тилке бөлүү иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Түнкүсүн Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Бишкекасфальтсервис» ишканасы жана ЖКККБ менен биргеликте иш алып барууда.
"Байтик Баатыр көчөсүнө Медеров көчөсүнөн чыгыш тараптан Лев Толстой көчөсүнө чейин атайын тилке түшүрүлдү. 21-октябрга караган түнү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин бүткөрүлдү.
Эми Абдрахманов көчөсүндө иш уланат. Бөлүнгөн тилке Жибек-Жолу проспектисине чейин уланат", - деп билдиришти мэриядан.
Буга чейин Бишкектин түштүгүндөгү Аалы Токомбаев көчөсүндө коомдук транспорт үчүн атайын жол тилкеси ачылган. Андан кийин шаардыктар буга нааразычылыгын билдиришкен. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан