Израилдик аскерлер жаңылыштык менен чек арага жакын жердеги египеттик посттордун бирине ок чыгарган, окуянын чоо-жайы такталууда. Бул тууралуу Израиль армиясы билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
"Бир нече убакыт мурун Израилдин танкы Керем Шалом аймагындагы чек арага жакын жердеги египеттик постко кокусунан ок чыгарып, ал тийген. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, такталууда", - деп айтылат маалыматта.
Израиль армиясы бул ката үчүн дароо кечирим сурады.
"Израилдин Коргоо Күчтөрү бул окуяга өкүнүп жатканын билдирет", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Керем Шалом - Газа тилкеси менен чек арага жакын жерде жана Египет менен чек арадан анча алыс эмес жерде жайгашкан израилдик аймак. Ал жерге жакын жерде ушундай эле аталыштагы чек ара бекети бар, ал аркылуу тынч мезгилде Палестинанын анклавына ар кандай товарлар жана күйүүчү майлар кирип турчу.