Казакстанда Назарбаевдин кудасы Боранбаев абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Казакстандын Акмоло облустук соту ишкер Кайрат Боранбаевдин алты жылдык жаза мөөнөтүн эркиндигин чектеген өкүм менен алмаштырды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, сот ишкердин өтүнүчүн канааттандырып, жазанын өтө элек бөлүгүн эркиндигин чектөө менен алмаштырды. Ага ылайык, Кайрат Боранбаев пробациялык көзөмөл алдында болот.

Жазаны алмаштырууда сот төмөнкү жагдайларды эске алган:

- соттолгон адам жазанын мыйзамда белгиленген мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгүн (2 жыл 4 ай 5 күн) өтөгөн (Казакстандын мыйзамдарында абакта өткөн ар бир күн 1,5 күн деп эсептелет);
- күнөөлүү мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтурган;

- тергөө менен активдүү кызматташкан жана жасаган кылмышына өкүнгөн;
- камакта кармоо мезгилинде оң мүнөздөмө алган.

Боранбаев 2022-жылдын март айынын орто ченинде газ берүү учурунда Qazaq Gaz (мурдагы КазТрансГаз) улуттук компаниясынан ири өлчөмдөгү каражатты уурдаганы үчүн кармалган. 2023-жылдын март айында Астана соту Боранбаевди жана бул иш боюнча дагы эки айыпталуучуну сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Астананын апелляциялык соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылга кесип, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан.

Буга чейин Финансы мониторинги агенттиги Боранбаев 90 миллиард теңгеден ашык мүлкүн, анын ичинде мунай кенин, газ бөлүштүрүүчү компанияны, тейлөө ишканасын, мейманкана жана соода-көңүл ачуу комплекстерин, фитнес борборлорун, кызматтык жайларды өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине кайтарып жатканын билдирген. Муну менен катар ишкер Билим берүү инфраструктурасын колдоо фондуна 30 миллиард теңге которгон.

Белгилүү казак олигархы, Макдоналдстын Казакстан, Орусия жана Белоруссиядагы франчайзи, 57 жаштагы Кайрат Боранбаев Казакстандын эң бай адамдарынын бири, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан