Израилдин Коргоо күчтөрүнүн басма сөз катчысы Жонатан Конрикус Австралиянын ABC телеканалына берген маегинде Газадагы согуш кандай шарттарда токтошу мүмкүн экенин айтып берди.
Подполковник эгер ХАМАС багынып бербесе Газада жаңжал курчуй берерин айтты.
"Эгер ХАМАС Израилдин жарандарын жашырып жаткан баш калкалоочу жайларынан чыгып, биздин барымтадагыларды кайтарып беришсе (алардын бардыгы 212 киши) жана эч кандай шартсыз багынып беришсе, анда согуш бүтмөк", - деген ал.
Ал ошондой эле Газадагы окуялар боюнча Израилди айыптоо туура эместигин белгилеген. Анын айтымында "Израиль бийлиги Газанын тургундарын суудан ажыратты" деген сөз жалган.
"Ичүүчү суунун 10 пайызы гана Израилден Газага келгенин эске алуу керек. Калган суу Газадагы жер астындагы суу сактагычтардан алынат", - деп сөзүн жыйынтыктаган ал.