Бүгүн, 23-октябрь Жалил Садыковдун туулган күнү. Ал 2010-жылы 21-октябрда 78 жаш курагында дүйнө салып, өзүнүн туулган күнүндө акыркы сапарга узатылган.
Жалил Садыков 1932-жылы 23-октябрда Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында туулган. Орто мектепти айылдан бүтүп "Ак-Туз" комбинатынын шахтасында жөнөкөй жумушчу болуп иштеген;
Чыгармачылыктагы чыйырын "Кыргызстан пионери" гезитинде бөлүм башчы болуп иштөө менен баштаган;
Акындын студент кезинде жазган алгачкы ыр жыйнагы “Убада” деген ат менен 1958-жылы жарыкка чыккан;
1964-1967-жылдары «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, 1967-1980-жылдары «Жаш ленинчи» журналында редактор, 1980-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинин репертуардык коллегиясынын башкы редактор кызматын аркалаган;
1981-1985-жылдарга чейин Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча адабий кеңешчиси болуп турганда кыргыздын ондогон жазмакер таланттуу жаштарын тарбиялап чыгарган. Андан тышкары, "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, "Жаш Ленинчи" журналынын жетекчиси болуп эмгектенген.
1988–1992-жылдары «Кыргыз маданияты» гезитинин башкы редактору, Кыргызстан ишкерлеринин улуттук казына башкармасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон;
1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңештин токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни бекитилген. Гимндин сөзүн ал Шабданбек Кулуев менен бирге жазган;
Жалил Садыков ата мекен, эне, жаратылыштын кооздугу, арзуу темасындагы поэтикалык жыйырмадан ашуун ыр китебин чыгарган. "Жайкы таңда", "Сары өзөн", "Сырдашуу", "Жоогазын", "Топ жылдыздар" сыяктуу ондогон поэтикалык жыйнактары аркылуу чыныгы сөз чебери, залкар акын катары окурмандардын урмат-сыйына арзыган.
Анын элдик ырга айланып кеткен "Сүрөтүңө", "Жайлоодо" сыяктуу ондогон ырларына обон чыгарылып, эл арасында азыркыга чейин ырдалып жүрөт;
Анын "Семетей", "Сейтек", "Айкөл Манас" эпикалык драмалары жана "Эр Төштүк", "Ак Мөөр", "Жукеев-Пудовкин", "Терең кечүү", "Адам жана азезил", "Шабдан" ж.б. драмалары театр сахнасында бүгүнкү күндө да ийгиликтүү коюлуп келет;
Жалил Садыковдун ыр жана поэма жыйнактары ондогон элдин тилине которулуп, драмалык чыгармалары чет өлкөнүн сахналарында коюлган;
- Садыков 1997-жылы "Адам жана азезил" деген драмасында "Тоорат" жана "Куран" китептеринен алынган Адам ата менен Обо эне жөнүндөгү айтылуу сюжетти кайрадан иштеп чыгып, тээ алмустактан бери келе жаткан касиеттердин жакшы-жаманын азезилдин образы аркылуу ачып берген.
- Ал өз чыгармачылыгы менен катар Омор Хаям, Р.Гамзатов, К.Кулиев, А.Пушкин, М.Лермонтов, Т.Шевченко, балкар акыны М.Кудаев жана Я.Шивазанын чыгармаларын которгон;
Жалил Садыковдун Убада", "Жайкы таңда", "Кечээкинин күбөсү", "Бөжөктөрдүн өмүрү", "Акын чабан", "Сары өзөн", "Бөбөктөргө үйрөткүң", "Кылымдын барактары", "Менин ырым мекеним", "Сырдашуу", "Унутулгус обондор", "Жоогазын", "Toп жылдыздар", "Туулган жер", "Мөлтүр булак", "Аккан суу", "Жер керемети", "Тандалмалар", "Тандалган чыгармалар", "Кеч күздөгү мөмөлөр", "Лик земли", "Табышкандар", "Пудовкин-Жукеев", "Айкөл Манас", "Семетей- Сейтек" ж.б. китептери жарык көргөн.
Жалил Садыков 2010-жылы 21-октябрда 78 жаш курагында дүйнө салып, өзүнүн туулган күнүндө акыркы сапарга узаган.