Азизбек Досов Жалал-Абад ОИИБинин Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын (БМЖККК) башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда облустук милициядан билдирди.
"Ошондой эле ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнө, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына, Жалал-Абад ОИИБдин БМЖКККга кызматкерлер дайындалышты", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары волейбол боюнча эркектер арасында өлкө кубогун уткан ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.
Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеӊишбек Абитов жаӊы дайындалган кызматкерлерди жана сыйлык алгандарды куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.