Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Төө-Ашууда жаан карга айланып, кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол туман болууда. Мындан улам кайгуул кызматкерлери “Бишкек-Ош” унаа жолуна сапарга чыккан айдоочулардан унааны кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сакташы зарыл экендигин жана карама-каршы тилкеге чыкпай айдоону эскертет.