Эртең, 24-октябрда Бишкектин айрым конуштарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Саат 9:00дөн 20:00гө чейин Ала-Тоо-1 жана Ала-Тоо-2 конуштарында суу болбойт", - деп айтылат билдирүүдө.
"Ала-Тоо" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу токтотулат.