Өлкөдө бир жумада мас абалында унаа башкарган 300 айдоочу аныкталды

Өлкө аймагында 16-октябрдан 22-октябрга чейинки аралыкта 19 миң 985 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 283;
- мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 300;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 34;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1427;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2942;
- авто ээнбаштык – 3;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4606;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10389;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 552 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Маалыматта айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоо эскертилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан