25-27-октябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул туурасында ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, бул күндөрү Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын премьер-министринин Кыргызстанга жумушчу сапары жана ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.
Ал үчүн ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаттары эсептелип, ага ылайык коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат.
Маалымдалгандай, маанилүү иш-чара учурунда төмөнкү көчөлөргө чектөө киргизилет:
Белгиленгендей, эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.