Кикбоксчу Ален Офойо милицияга жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ага каршы арыз Б.У. аттуу жаран тарабынан жазылган.
Арыз ээси спортчу аны бетке урганын, натыйжада эки тиши түшкөнүн билдирген. Окуя кечээ, 22-октябрда саат 15:30дар чамасында Бишкектеги көчөлөрдүн биринде болгон. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү башталган.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо барып, 1990-жылы туулган О.Э., 1982-жылы туулган А.О., 1985-жылы туулган Б.У. жана 1988-жылы туулган Т.А аттуу жарандар милицияга жеткирилген. Кийинчерээк алар милиция чакырганда барып туруу милдеттенмеси менен кайра коё берилген.
Милициянын маалыматында экинчи тарап да арыз жазганы айтылат.
Бул факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.