Токтогул милициясы ден соолукка оор залал келтирүү фактысын аныктады 

Токтогул милициясы ден соолукка оор залал келтирүү фактысынын бетин изи сууй электе ачты. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Жалал-Абад РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБине 30 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 20-октябрга караган түнү саат 02:00 чамасында 24 жаштагы инисин бейтааныш бала башына катуу нерсе менен чаап, жыгылган учурда кетип калгандыгын билдирген. Натыйжада иниси Токтогул райондук ооруканасына оор абалда жаткырылган.

Ага байланыштуу окуя Токтогул РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

"Токтогул РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылып, шектүү катары Токтогул районунун тургуну 2002-жылы туулган М.А. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
urgqgexdkqbw
2023-10-23 21:39:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан