Москвада тартип сакчылары террордук аракеттерди эл алдында актаган деген айып менен белгилүү ММА мушкери Ильяс Якубовду кармады. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучу октябрь айынын башында террордук иш-аракеттерди жүргүзүү зарылдыгын негиздеген билдирүүлөр менен видеотасманы тарткан. Ал бул видеону Орусияда тыюу салынган социалдык тармакка жайгаштырган.
Ал 21-октябрда Абу-Дабиде өткөн "UFC 294" турнирине көрүүчү катары катышып, 22-октябрда Орусияга келгенден кийин кармалган.
Эми мушкер "Интернет аркылуу терроризмди актоо үчүн ачык чакырыктар" беренеси менен жоопкерчиликке тартылат. Бул берененин жазасы - 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу.