Палестина Израилге каршы Эл аралык кылмыш сотуна даттанат

Палестина Израилдин аракеттерине каршы Эл аралык кылмыш сотуна арыз менен кайрылат жана бул өлкөнүн аракеттерин геноцид деп айыптайт. Бул тууралуу Палестинанын юстиция министри Мохаммед аш-Шалалда билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана өлкөнүн башка лидерлери геноцид үчүн жеке айыпталат. Министр мындай кырдаалда Палестина жабырлануучу экенин жана мындай кадамга барууга укуктуу экенин айтты.

"Биз Израилдин премьер-министрин, башкы штабдын начальнигин жана солдаттар менен офицерлерге ушул баскынчылык согушту жүргүзүүгө, коргонуусуз элге каршы геноцид жасоого, жарандык объектилерди, ооруканаларды жана имараттарды жок кылууга буйрук берген бардык командирлерди сотко беребиз", - деген Мохаммед аль-Шалальда.

Анын айтымында, Израиль тарап согуштук аракеттерди жүргүзүүдө согуш мыйзамдарын одоно түрдө бузган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан