Стамбулда 57 гана күнгө жете турган суу запасы калды

Түркиянын эң эски жана калкы эң көп шаарларынын бири болгон Стамбулда 57 гана күнгө жете турган суу запасы калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, шаардын суу сактагычтарында 20 пайыз гана суу топтолуп турат. Кризис апрель айында эле башталган. Суунун деңгээли акырындык менен азайып баратат. Ошол эле учурда шаарда 16 миллион адам жашайт. Суткасына 3 миллион 100 миң метр куб суу керектелсе, бүгүнкү күндө суу сактагычта 180 миллион метр куб суу калды.

Мунун себеби жайдын кургакчылыгы. Күзгү жааган жамгыр да резервдерди толтурууга жардам берген жок.

Сентябрь айында шаар бийлиги сейил бактарды жана бакчаларды сугаруу үчүн суу берүүнү токтотууга аргасыз болгон. Эми шаар бийлиги жарандардан сууну үнөмдөөнү талап кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан