Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 19-октябрь күнү Токмок ШИИБнин кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.Д.К. 178 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
УКМКнын маалыматына ылайык, ал зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Р. аттуу жарандан кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2000 доллар талап кылгандыгы аныкталган.
"Кармалган М.Д.К. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда", - деп билдиришти УКМКдан.