Ошто мурдагы аялын бычактаган киши 2 жыл 3 айга кесилди. Келиндин жакындары өкүмгө нааразы

Ош облусунун Кара-Суу районунда мурдагы аялын бычактаган кишиге карата чыккан соттун өкүмүнө жабырлануучунун туугандары нааразы болуп, коомчулуктан жардам сурашууда.
Жабыркаган аялдын сиңдисинин айтымында, эжеси менен жездеси 3 жыл мурда ажырашкан, алардын 5 баласы бар.
"Бирок мурдагы жездем ажырашкандан кийин да тынчтык бербей келет. Акыры эжемди өлтүрүш үчүн балдарынын көзүнчө уктап жаткан жеринен 10 жолу бычак сайып кеткен. Өз убагында "Тез жардам" келип, эжем аман калган. Соттук жүрүш 6 ай болуп, жакында эле өкүм чыкты. Чечим жездемдин жагдайын жеңилдетип, акыйкатсыз болду. Бардык күбөлөрдүн көрсөтмөсүн жокко чыгарып, жеңилдетип салды", - деп жазган келиндин сиңдиси.
Ош облустук милициясы кылмыш иши үстүбүздөгү жылы 3-майда орун алганын ырастады. Ошол күнү саат 10:25 чамасында милицияга 1986-жылы туулган И.М. аттуу Кара-Суу районунун тургунун 1989-жылы туулган К.А. аттуу мурунку жолдошу бычактап салганы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Жабырлануучу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Шектүү катары 34 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси ("Кылмыш жасоого аракеттенүү") менен 122-беренесинин 1-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары жүргүзүлүп, 11-июль күнү соттун кароосуна жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Ош облустук сотунан билдиргендей, бул иш боюнча Кара-Суу райондук соту аны 19-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин 1-бөлүгү жана 123-беренесинин 1-бөлүгү боюнча ("Аффект абалында адам өлтүрүүгө аракеттенүү") күнөөлүү деп таап, эки жыл үч айга эркиндигинен ажыраткан.
К.А.нын жаза өтөө мөөнөтү тергөө абагына камакка алынган 4-майдан тарта эсептелүүсү көрсөтүлгөн. Мындан тышкары жабырлануучунун пайдасына 109 миң 661 сом материалдык зыян жана 100 000 сом моралдык зыян өндүрүү милдеттендирилген.
"Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин 1-бөлүгү жана 123-беренесинин 1-бөлүгүнүн квалификациялык белгилери: аффект абалында адам өлтүрүүгө аракеттенүү болуп саналат. Аталган берененин санкциясында 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, кылмышка аракеттенү үчүн жазанын мөөнөтү тиешелүү беренеде каралган жазанын катуу түрүнүн эӊ жогорку мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашык болбоого тийиш. Тактап айтканда, айыпталучуга карата коюлган берене боюнча жазанын эң жогоркусу белгиленген", - деп билдиришти облустук соттон.
Ошондой эле өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу экени кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан