Кара-Балтада аялы менен урушуп кеткен жигит поезд жолго чыгып алган. Тонналаган поезд токтоду

Кара-Балта шаарында аялы менен уруша кеткен жигит поезд жолго чыгып алып, поезд авариялык түрдө тормоз менен токтогон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя кечээ, 23-октябрь күнү саат 09:33 чамасында болгон. Анда 2001-жылы туулган жаран поезд жолго чыгып алган. Келе жаткан поезд сигнал басканына карабай жигит тура берген. Мындан улам поезд авариялык тормозду басып токтоого аргасыз болгон.

Териштирүү учурунда төмөнкүлөр белгилүү болгон: И.Т.К. аттуу жаран аялы менен уруша кетип, ага сабак болсун деп, өз жанын кыйгысы келген түр көрсөтүп, темир жолго барып, рельске туруп, андан кийин басып кеткен. Бирок поезд авариялык тормозду басууга аргасыз болгон.

Эми аялын коркутмакчы болгон жигитке мыйзамдын талаптарына ылайык чечим чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан