Сузакта нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү 

Кечээ, 23-октябрь күнү кечинде Сузак районунда катуу жааган жаандан улам турак үйлөрдү сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Сузак райоунун Барпы айыл аймагына караштуу Боз-Чычкан айылында аралап өткөн Ачы-Сай каналынан суу ашып, турак жайлардын короо жайларын каптап жаткандыгы тууралуу маалымат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам нөөмөт бөлүмүнө саат 21:30да маалымдалган.
Жерине облустук жана райондук жарандык коргоонун башчылары, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жеринде иш алып барып, 1 социалдык объекти жана болжол менен 22 турак жайдын короолорун сел суулар каптагандыгы аныкталган.
24-октябрь күнү таңга жуук жерине облустук жарандык коргоонун башчысы Абсаттар Сыргабаев, ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти менен биргеликте сел өткөн аймактарды жеринен көрүп, ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча тапшырмаларды койду.
Учурда жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарынын жардамында тазалоо жумуштары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан