Бишкектин чок ортосундагы "Ожак Кебап" кафеси бузулууда. Жеринде Орунтаев жүрөт (фото)

Бишкектин Шопоков жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ожак кебап" кафесинин бир бөлүгү бузулууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Свердлов районунун прокуратурасынын буйругу менен ижара келишимин бузган. Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Чүй проспектиси 76в дарегинде жайгашкан «Ожак Кебап» кафесинин кеңейтилген кошумча курулушу буздурулууда.
Башкармалыктын кызматкерлери жеринде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, «Бишкекжарык» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.
Иштин жүрүшүндө жеңил конструкциялардан жасалган кошумча курулуш бузулуп, 0,02799 га түзгөн муниципалдык аймак бошотулуда.
Буга чейин, 22-августта курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-10-24 16:08:00
Базарларды да чет жака чыгаруу керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан