Ошто уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү кармалды

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бир нече кылмыш ишине шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда облустук милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда Кара-Кулжа РИИБине аталган райондун тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу ушул жылдын май айында З.К. аттуу жаран анын мал жандыктарын алып, азыркы күнгө чейин акчасын бербей жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, буга чейин бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган, 1980-жылы туулган З.К. аттуу жаран кармалып, камакка алынган.

"Кармалган жаран бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча да шектүү экендигин белгилеп кетебиз. Учурда шектүү адамдын бирге кылмыш жасаган өнөктөштөрүн жана башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан